Путин Алиев жана Пашинян сүйлөшүүсү башталды

Сүйлөшүүдө Тоолуу Карабах тууралуу үчтүк келишимдин ишке ашуу процесси менен аймакта болуп жаткан маселелердин чечилиши үчүн таштала турган кадамдар сүйлөшүлөт.

1561352
Путин Алиев жана Пашинян сүйлөшүүсү башталды

Россиянын президенти В. Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын Тоолуу Карабах сүйлөшүүсү Россиянын борбор шаары Москвада башталды.

Россиянын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүдө Путин, Алиев жана Пашинян ортосунда Тоолуу Карабах тууралуу келишимдер жана аймактагы абалдар каралат. Алиев менен Пашиняндын Карабахта ок атышпоо түзүлгөндөн кийин иөткөргөн алгачкы бетме  - бет жолугушуу мүнөзүндө болууда.

Сүйлөшүүдө Тоолуу Карабах тууралуу үчтүк келишимдин ишке ашуу процесси менен аймакта болуп жаткан маселелердин чечилиши үчүн таштала турган кадамдар сүйлөшүлөт.

Кремлдин билдиргенине караганда сүйлөшүүдө өзгөчө аймакта кагылышуулардан зыян  тарткан  элге жардам, соода, экономика жана тарнспорт байланыштарынын ачылышы жана өнүктүрүлүшү темалары да каралат.

Путиндин үчтүк жыйындан кийин Алиев жана Пашинян менен өз өзүнчө сүйлөшүү өткөрүшү да күтүлүүдө.

Сүйлөшүүнүн башында сөз сүйлөгөн Путин Алиев менен Пашинянга ыракмат айтып, Россиянын арачылык аракеттеринин аймакта улантууга боло турган ок атышпоонун түзүлүшүнө карата экендигин айтты.



Тектеш кабарлар