Сирияда Тель Абядда кол салуу болду
Сирияда Тель Абяд жакындарында ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмдун террористтери тарабынан жасалган кол салууда эки бала каза болду.
Сирияда Тель Абяд жакындарында ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмдун террористтери тарабынан жасалган кол салууда эки бала каза болду.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда террористтер түрк куралдуу күчтөрүнүн операцияларынан кийин Сириянын түндүгүндө түзүлгөн тынчтык, бейкуттук жана ырааттуулукту бузууга карата аракеттерин улантууда.
Акыркы болуп «Тынчтык булагы» аймагынын жакындарында террордук уюм тарабынан колдо жасалган жарылуучу зат менен кол салуу болду.
Кол салууда айылдыктар бутага алынды. Сугат үчүн аймакка барган айылдыктарды ташыган унаа колдо жасалган жарылуучу заттын жарылышы менен чыгымга учурады.
Кол салууда эки бала каза болду. Жаралуулардын арасында 14 жаштагы бир бала болгон. Жаралууларга биринчи жардам аймактагы Мехметчик тарабынан берилди.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.