Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Түндүк Кипр Түрк Республикасында вирустан 8 киши каза болуп, бейтап саны 1640ка жогорулады.

1557032
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 миллион 852 265тен ашты. Бейтап саны 85 миллион 574 000ден, айыккандардын саны 60 миллион 544 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам 149 686 киши каза болуп, вирус жуктургандардын саны да 10 миллион 341 291 болду. Индия колдонулушу бекитилген Oxford/AstraZenecaнын  Ковид  - 19  вакцинасын чыгарган Индия сарысуу институтунун башка өлкөлөргө вакцина экспортун жана менчик сектордун арачылыгы менен вакцина сатышына убактылуу тыюу салды.

иранда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 110го көбөйүп, 55 650гө жогорулады. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде 6 073 жаңы бейтаптын аныкталышы менен вирус жугузган киши саны 1 миллион 249 507 болду. 

Ковид  - 19 ортого чыккан күндөн тарта 4 634 киши каза болгон Кытайда акыркы бир күндө бир киши каза болду. Бейтап саны 87 150 болуп катталды.  Өлкөдө чукул түрдө колдонулушу бекитилген эки Ковид  - 19  вакцинасынын коркунучтуу болгон топтор үчүн пайдаланыла баштагандыгы билдирилди. Борбор шаар Пекинде жуманын акырында 2201 эмдөө борборунда 73 537  кишиге биринчи доза вакцина берилди. Вакциналарда олуттуу бир терс таасирдин болбогондугу билдирилди.

Түштүк Кореяда вирустан улам каза болгондордун саны 981ге, вирус жуккандардын саны 64 265кө жетти.

Япониянын премьер  - министри Суга Йошихиде көрүлгөн чараларга карабастан Ковид  - 19  бейтаптарынын санында азаюу болбогондуктан борбор шаар Токио жана айланасындагы 3 аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланышы мүмкүн экендигин белгиледи. Өлкөдө эпидемиядан улам каза болгондордун саны 3 634, бейтап саны 245 924кө жетти.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында вирустан 8 киши каза болуп, бейтап саны 1640ка жогорулады. Кипр рум бөлүгүндө болсо 131 киши каза болуп, 23 974 киши вирус жуктурган. Аймакка Британиядан барган 12 кишиде мутацияга учураган вирус аныкталды.

Кувейт коронавирустун дагы ылдам жайылган түрү аныкталган Британия менен бири бирине карата соода каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды. Чечим 6 -  январдан тарта ишке кирет жана экинчи жарыяга чейин күчүндө болот.

Сауд Арабия Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде 20 -  декабрда жапкан аба, деңиз жана кургактык чек ара капкаларындагы кирип чыгууларды кечээ кайрадан баштады.

Айрым өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондор төмөнкүдөй болду :

Россияда 58 988, Иранда 55 540, Түштүк Африкада 29 544, Индонезияда 22 911, Иракта 12 834 жана Пакистанда 10 350 киши каза болду.



Тектеш кабарлар