Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустун айынан  каза болгондордун саны 1 миллион 784 650дөн  ашты.

1553929
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустун айынан  каза болгондордун саны 1 миллион 784 650дөн  ашты. Бейтап саны 81 миллион 823 000ден, айыккандардын саны 57 миллион 950 000ден  жогорулады.

Индияда коронавиурстан каза болгондордун саны 148 190 болду. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 10 миллион 224 797ге жетти. Бир тараптан Британиядан өлкөгө кирген 6 кишиде Ковид  - 19дун ылдам жайылган түрү табылды. Бул 6 кишинин изолацияга алынгандыгы жана алар менен саякат кылган жүргүнчүлөрдүн да карантинге алынгандыгы жарыяланды. Индия өкмөтү Британиядан жасалган каттамдардын 31 -  декабрга чейин жоюлгандыгы билдирилген болчу. 

Иранда Ковид  - 19дан 24 саатта 132 киши каза болуп, 6 108 жаңы учур катталды. Бул маалыматтар менен каза болгон киши саны 54 946га, бейтап саны да 1 миллион 212 481ге жетти. Ошол эле учурда ирандык окумуштуулар чыгарган "COVIRAN Bereket" ваксинасы саламаттык сактоо министри Саид Немеки жана башка жетекчилер катышкан бир азем менен биринчи жолу адамда колдонулда.

Кувейтте  вирустан улам 931 киши каза болуп, 149 653 киши вирус жуктурган. Ковид  - 19дун дагы ылдам жайылгандыгы белгиленген мутациясы менен күрөшүүнүн негизинде жабылган чек аралардын кайрадан ачылгандыгы жарыяланды. Аба жолу каттамдары бүгүн кайрадан башталары бирок кургактык жана деңиз чек араларынын ишембиден тарта жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00- 15:00 арасында ачык болору белгиленди.

Японияда эпидемиядан каза  болгондордун саны 3 338ге, вирус жуккан киши саны 224 488ге жогорулады. Премьер  - министр Суга Йошихиде : «Кыш сезонунан улам Ковид  - 19  бир топ өлкөдө азыр да күчүндө. Вирус жылдын акыры жана жаңы жыл эс алуусу дегенди билбейт. Нормалдуу турмушубузга болушунча  тез кайтуу үчүн жарандардын кызматташуу түзүшүн каалайм»,- деди. Суга өлкөдө январь айынын биринчи жумасында премьер  - министрлердин Мие аймагында аткарган салттуу Исе - Джингу храмын зыярат кылууну да токтотту.

Ковид  - 19 ортого чыккан жана ушул күнгө чейин 4 634  киши каза болгон Кытайда акыркы бир күндө вирустан улам каза болгондор болгон жок. 27 жаңы учурдун катталышы менен вирус жуктурган бейтап саны 8703кө жогорулады.

Түштүк Кореяда эпидемиядан каза болгондордун саны 859га, бейтап саны 58 725ке жетти.

Филиппин Ковид-19дун ылдам жайылган түрү болгон  өлкөлөрдөн саякаттарга тыюу салды. Саламаттыкты сактоо министри Франсиско Дюк президент Родриго Дутерте тарабынан бекитилген тыюу салуу 30 - декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12: 01де күчүнө кирип, 15-январга чейин уланарын билдирди.

Азербайжанда вирустан 2 538 киши каза болуп,  бейтап саны 215 483кө жетти. Бир тараптан Медициналык Аймактык Бирдиктерди Башкаруу Ассоциациясы (TABIB) Башкармасынын төрагасы, доцент Рахим  Байрамлы жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдө болгондой эле вакцина тууралуу да Түркия менен бирдикте кыймыл кылышкандарын белгилеп : «Түркия менен Азербайжан жарандары бир  учурда эмдөө ала башташат. Өлкөбүздө эмдөөнүн январь айынын башынан тарта башталышын күтүп жатабыз»,- деди.

Башка айрым өлкөлөрдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө болду : Индияда 148 190, Россияда 55 827, Иранда 54 814, Түштүк Африкада 27071, Индонезияда 21 452, Иракта 12 791.



Тектеш кабарлар