Иракта шиит лидер АКШ жана Иранга чакыруу салды

Иракта Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  - Садр АКШ жана Иранга кайрылып, өлкөсүн кагылышуу аянты кылуудан баш тартууларын талап кылды.

1552204
Иракта шиит лидер АКШ жана Иранга чакыруу салды

Иракта Садр кыймылынын лидери Муктеда ес  - Садр АКШ жана Иранга кайрылып, өлкөсүн кагылышуу аянты кылуудан баш тартууларын талап кылды.

Ес  - Садр социалдык медиа эсебинен берген маалыматта : «Ирак АКШ жана Ирандын ортосундагы кагылышуу аянтынын курмандыгы болду. Коңшубуз Иран Ислам Республикасы Иракты өз кагылышуу аянты кылуудан баш тартышы керек. Ирак жана өкмөтүнүн көз карандысыздыгы жана эгемендигине  кол тийгизүүдөн баш тарта турган болсо Иранды ичинде орун алган кыйынчылыгы (Ковид -19) менен жалгыз калтырбайбыз»,- деди.

«Баскынчы» деп мүнөздөгөн АКШга да чакыруу салган Муктеда ес – Садр ирактыктардын эки тараптын ортосундагы кагылышуунун бир бөлүгү экендигин жактап : «Жаңы бир Ирак куруу процессиндебиз»,- деди.

Садр чакыруусуна кулак салынбаса  саясий жана коомдук каражаттар менен кийлигишүү боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар