Маас: «Түркияга карай санкция өтүнүчүн туура көрбөймүн»

Германиянын Тышкы иштер министри Хайко Маас, бул тууралуу Германиянын Маалымат агенттигине (DPA) маалымат берди.

1549862
Маас: «Түркияга карай санкция өтүнүчүн туура көрбөймүн»

Германиянын Тышкы иштер министри Хайко Маас, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялардан улам Грециянын Түркияга карай санкцияларынын өтүнүчүн туура көрбөгөнүн айтты.

Маас Германиянын Маалымат агенттигине (DPA) берген маалыматында, «Мен Түркияга карата курал эмбаргосун талап кылууну стратегиялык жактан туура деп тапкан жокмун. Аны НАТОнун өнөктөшүнө жасоо оңой да эмес. НАТОнун өнөктөшү Түркия, Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) ракеталарды да сатып ала албаган соң, аны оңой эле Орусиядан сатып алаарын көрдүк”,-деп айтты.

Германиянын министри ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги түшүнүшпөстүктөрдүн дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет деген үмүтүн азырынча жоготпогонун билдирип, «Албетте, биз түшүнүшпөстүктөрдүн чечиле турганына жана бир НАТО өнөктөшүн курал-жарак боюнча кызматташуудан биротоло чыгарбай турганыбызга ишенүүбүз улана берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар