Ооганстанда депутаттын конвойуна кол салуу болду

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Тарык Ариен билдирди.

1548604
Ооганстанда депутаттын конвойуна кол салуу болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулда депутаттын конвойуна бомбалуу кол салуу болуп андан 8 адам каза болду.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Тарык Ариен, Кабулдан келген депутат Хан Мухаммед Вардактын конвойуна шаардын Сипинкели аймагында бомбалалу укол салуу болгонун айтты.

Кол салууда депутаттын жансакчылары менен кошо 8 адамдын өмүрүн кыйылганын айткан Ариен, Вардак менен кошо 15 кишинин жаракат алгандыгын билдирди.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.



Тектеш кабарлар