Дүйнөнү тооруп алган пандемия

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү.

1547006
Дүйнөнү тооруп алган пандемия
super covid19 meksika
covid SPR ölüm.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 655 миң 234төн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 74 миллион 534 миңден, ал эми айыккандардын саны 52 миллион 373 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 314 миң 581ди түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 17 миллион 392 миң деп катталды. Вице-президент Майк Пенс эртең коомчулукка ачык түрдө коронавируска каршы эмделет. Мамлекеттик катчы Майк Помпео болсо Ковид-19га чалдыккан адам менен байланышкандыгы үчүн карантинге алынды.

Италияда пандемиядан улам каза болгондордун саны 66 миң 537ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны бир миллион 888 миң болду.

Англияда вирустун кесепетинен адам өлүмү 65 миң 520га жогорулады. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 913 миңди түздү. Жуктургандардын саны эң көп өскөн борбор шаар Лондондо коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында мейманканалар, конок үйлөрү, кинотеатрлар, театрлар, барлар жана кафе-ресторандар жабылды.

Францияда пандемиянын айынан каза тапкандардын саны 59 миң 361ге жетти. Вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 409 миңге көбөйдү. Премьер-министр Жан Кастекс өлкөдөгү коронавирустун жаңы түрүнө каршы эмдөөлөрдү ушул айдын аягында баштай тургандыктарын билдирди.

Вирустун себебинен 24 миң 441 адам каза болгон Германияда, жуктургандардын саны бир миллион 407 миңге жетти. Өлкөдө Ковид-19га каршы эмдөө иштери 27-декабрда башталат.

Пандемиядан улам каза болгондордун саны Испанияда 48 миң 596 болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 782 миңге жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада Ковид-19дан 82 адам каза болуп, 4720 жаңы учур аныкталганын билдирди. Өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 5815ке, ал эми жуктургандардын саны 358 миң 296га жетти.

Колумбияда ушул кезге чейин эпидемиянын кесепетинен 39 миң 560 адам көз жумду. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны бир миллион 456 миңди түздү. Президент Иван Дюк Ковид-19га каршы эмдөөнүн февраль айында башталаарын билдирди.

Ковид-19дан улам кээ бир берки өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Бразилия (183 миң 822), Мексика (115 миң 769), Аргентина (41 миң 365), Перу (36 миң 858), Польша (23 миң 914), Бельгия (18 миң 278), Чили (15 миң 959), Украина (15 миң 744), Эквадор (13 миң 915), Румыния (13 миң 862) жана Нидерландия (10 миң 246).



Тектеш кабарлар