Ирандын тышкы иштер министри Зарифтин Түркия тууралуу билдирүүсү...

Ирандын Анкарадагы элчилиги жасаган билдирүүдө, кечээ Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Зарифтин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө «акыркы убактагы түшүнбөстүктөр жоюлду» деп айтылган.

1544582
Ирандын тышкы иштер министри Зарифтин Түркия тууралуу билдирүүсү...

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф, Ирандын жогорку даражалуу чиновниктеринин Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен болгон достук мамилелеринин маанилүүлүгүн белгилеп, Түркия менен Ирандын ортосундагы мамилелердин өз ара ишенимдин алкагында мындан ары өнүгүшүнө үмүттөнгөнүн билдирди.

Ирандын Анкарадагы элчилиги жасаган билдирүүдө, кечээ Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Зарифтин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө «акыркы убактагы түшүнбөстүктөр жоюлду» деп айтылган.

Билдирүүдө, «Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти»,делди.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги, президент Эрдогандын Бакуда окуган ырынан улам, Түркиянын Тегерандагы элчиси Деря Өрстү чакырган жана ага оор айыптоо билдирүүсүн айткан.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф өзүнүн Твиттердеги аккаунтунда жарыялаган билдирүүсүндө, президент Эрдоган окуган ыр Ирандын аймактык бүтүндүгүнө багытталган деген доомат койгон.

Андан кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Анкарадагы элчиси Мухаммед Феразмендди Тышкы иштер министрликке чакырткан.

Министрлик Феразмендге, Түркия жана президент Эрдоганга багытталган  негизсиз айыптоолору үчүн жана Иранда Түркияга каршы жек көрүү өнөктүгүнүн ачылганына каршы нааразычылык билдирилген.



Тектеш кабарлар