АКШдагы президенттик шайлоо

Түндүк Каролина штатын республикачыл Дональд Трамп, Жоржия штатын болсо демократ Жо Байден жеңди.

1527618
АКШдагы президенттик шайлоо

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) 59-президенттик шайлоодо Түндүк Каролина штатын республикачыл Дональд Трамп, Жоржия штатын болсо демократ Жо Байден жеңди.

Американын басма сөзү жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Трамп Түндүк Каролина штатында 50 пайыздык добуш менен жеңишке жетишти. Демократиялык партиянын талапкери Байдендин добуштары болсо 48,6 пайыз бойдон калды. Бул жыйынтык менен Трамп Байденди артта калтырып дагы 15 делегатты каттатты.

Байден болсо Жоржия штатында 49,52 пайыздык добуш менен жеңишке жетишти. Ал эми Трамптын добуштары 49,23 пайыз бойдон калды. Байден ушул штатта дагы 16 делегатты каттатты.

Учурдагы таблицада Байден 306 делегатка жетип президент болуу укугуна ээ болсо, Трамп 232 делегатта калды.

АКШдагы президенттик шайлоодо 270 делегатка жеткен ысым президенттик орунга келүүгө укуктуу.

Экинчи жагынан Ак үйдүн басма сөз катчысы Кайлей Макэнани бир телепрограммада Дональд Трамптын 20-январда Жо Байден үчүн пландалган президенттик инаугурацияга катышаар-катышпасы суралганы боюнча: «Менин оюмча, Трамп өзүнүн инаугурациясына катышат. Ал өзү ант бере турганы үчүн ошол жерде болушу керек»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар