Аризона штатынан Байден ийгиликтүү чыкты

АКШдагы президенттик шайлоодо 270 тандоочу добушка жеткен ысым президенттик орундугуна толугу менен отуруу укугуна ээ.

1527168
Аризона штатынан Байден ийгиликтүү чыкты

АКШда 3 -  ноябрда болгон 59 -  президенттик шайлоодо орчундуу маанидеги Аризона аймагында аз айырмачылык менен Демократ талапкер Жо Байден ийгиликтүү чыкты.

Америка массалык маалымат каражатары билдирген расмий болбогон жыйынытктарга караганда Байден Аризона штатындагы добуштардын 49,4 пайызын алды.

Республикачыл талапкер Дональд Трамптын добуш катнашы 49,06 бойдон калды.

Бул жыйынтык менен Байден болжол менен 11 000 добуш айырмасы менен атаандашы Дональд Трамптан ашып өттү жана 290 тандоочу добушка жетти.

16 тандоочу добуш менен Жоржия жана 15 тандоочу добуш менен  Түндүк Каролинада азырынча жыйынтык  так эмес.

АКШдагы президенттик шайлоодо 270 тандоочу добушка жеткен ысым президенттик орундугуна толугу менен отуруу укугуна ээ.



Тектеш кабарлар