Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1516689
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун (Ковид-19) себебинен көз жумган адамдардын саны 1 миллион 165 миңден ашты. Жуктуруп алгандардын санынын өсүшү экинчи толкундун өзгөчө Европада кеңири жайылгандыгын көрсөтөт. Бул илдетке чалдыккандардын саны 43 миллион 817 миңден ашты. Айыгып кеткендердин саны болсо 32 миллион 200 миңге жетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 231 миң 45ке, жуктуруп алгандардын саны болсо 8 миллион 962 миңге жетти.

Улуу Британияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 102ге көбөйүп жалпы 44 миң 998 адамды түздү. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 20 миң 890 учур менен бирге 894 миң 690га жетти.

Италияда пандемиядан көз жумган адамдардын саны 37 миң 479 деп катталды. Өлкөдө вируска кабылгандардын саны 542 миң 789га жогорулады.

Пандемиянын кесепетинен 35 миң 31 адам каза болгон Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги Ковид-19га чалдыккандардын санын 1 миллион 98 миң 320 деп жаңылады.

Францияда пандемиядан улам акыркы 24 сааттын ичинде 258 адам каза болуп жалпы 35 миң 18ди түздү. Вирус жуктурган адамдардын саны ушул эле мезгилде 26 миң 771ге көбөйүп, 1 миллион 165 миң 278ге жетти.

Айрым берки өлкөлөрдө Ковид-19дан улам каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (157 миң 451), Мексика (89 миң 171), Перу (34 миң 197), Колумбия (30 миң 348), Аргентина (29 миң 301), Чили (14 миң 3), Эквадор (12 миң 573), Бельгия (10 миң 899) жана Германия (10 миң 182).



Тектеш кабарлар