Армян күчтөрү айрым маанилүү дөбө жана позициялардан чегинүүгө аргасыз болушту

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, Агдере, Агдам, Физули, Жебраил, Зангилан жана Губадлы багыттарындагы операциялардын түнү бою ар кандай күч менен уланганы кабарланды.

1513952
Армян күчтөрү айрым маанилүү дөбө жана позициялардан чегинүүгө аргасыз болушту

Азербайжан армиясынын коргонуу тилкесине замбирек жана миномет менен ок ачкан армян күчтөрү Губадлы багытындагы айрым маанилүү дөбөлөрдөн жана позициялардан чегиништи.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, Агдере, Агдам, Физули, Жебраил, Зангилан жана Губадлы багыттарындагы операциялардын түнү бою ар кандай күч менен уланганы кабарланды.

Азербайжан армиясынын коргонуу тилкесине артиллерия жана минометтер менен ок ачкан армян күчтөрүнүн Губадлы багытындагы айрым маанилүү дөбөлөрдөн жана позициялардан чегингендиги белгиленди.

Билдирүүдө, Армения армиясынын Хокавенд багытындагы 155-артиллериялык полкуна таандык Д-20 батареясынын өздүк курамынын арасында жаракат алгандар көп экени, унаалардын жоктугунан жана жолдун жабылышынан жаракат алгандар эвакуациялана албаганы айтылган.

Хадруттун түндүгүндөгү артиллериялык бөлүктөргө жаңы келген ыктыярчылар ок атуучу позицияларын таштап, качып кетишкени жана Агдере багытындагы 5-чабуулчу полку Азербайжан армиясынын замбиректери менен зыянсыздандырылганы маалым болду.

Полктун 3-батальонунун командири жоголгону, штабдын башчысы набыт болгону жана жер алдындагы баш калкалоочу жайдын талкаланышынын натыйжасында армян күчтөрүнүн  бир топ жоготууга учураганы белгиленди.

Армян армиясынын 543-полку аткылгандан кийин, полктун командири жаракат алып, анын орун басары набыт болгону билдирилген.

Полктун 1-батальонунун командири, командирдин орун басары жана миномет дивизиясынын командирлери набыт болуп, 1-батальондун ротасынын өздүк курамы согушка кирүүдөн баш тартышканы айтылган.

Фронттун аралыгында кагылышуулар уланып, кырдаал Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги маалымдалды.



Тектеш кабарлар