Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1507887
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 85 миңден ашты. Жуктуруп алгандардын саны болсо 38 миллион 49 миңден, ал эми айыккандардын саны 28 миллион 608 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 220 миң 11ге жетти. Өлкөдө ооруга кабылгандардын саны 8 миллион 37 миңди түздү. Ал арада президент Дональд Трамптын жаңы коронавирустук тесттеринин жыйынтыгы таза чыкканы билдирилди.

Ковид-19дун себебинен 150 миң 709 адам каза болгон Бразилияда, илдетке чалдыккандардын саны 5 миллион 103 миңге жетти.

Мексикада вирустун кесепетинен 83 миң 945 адам каза тапты. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 821 миң 45ти түздү.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда акыркы 24 саатта вирустун айынан каза болгондордун саны 50гө көбөйүп жалпы 42 миң 875 адамга жетти. Жуктургандардын саны болсо 13 миң 972ге көбөйүп 617 миң 688ге жогорулады. Премьер-министр Борис Жонсон бейтаптардын санынын көбөйүшүнүн кооптуу чекке жеткенин белгилеп, "орто, жогорку жана өтө жогорку" деген 3 "жергиликтүү эскертүү деңгээлин" түзгөндөрүн билдирди.

Францияда Ковид-19дан дагы 95 кишинин каза болушу менен вирустан көз жумгандардын жалпы саны 32 миң 825 деп катталды. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны акыркы суткада 8 миң 505ке көбөйүп, 743 миң 479га жетти.



Тектеш кабарлар