Тажикстанда Имамали Рахман кайрадан президент болуп шайланды

Кечээ Тажикстанда болгон президенттик шайлоодо Имамали Рахман добуштардын 90, 92 пайызын алып бешинчи жолу президентикке шайланды.

1507379
Тажикстанда Имамали Рахман кайрадан президент болуп шайланды

Кечээ Тажикстанда болгон президенттик шайлоодо Имамали Рахман добуштардын 90, 92 пайызын алып бешинчи жолу президентикке шайланды.

Президенттин мөөнөтү 7 жыл болгон Тажикстанда кечээ болгон президенттик шайлоонун расмий болбьогон жыйынтыктарына караганда Рахман добуштардын 90, 92 пайызын алып, бешинчи жолу президент болуп шайланды.

Тажикстан Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Бахтияр Худаярзаде Бахтияр Худаярзаде өткөргөн пресс  - жыйынында 4 миллион 221000 шайлоочу добуш берген шайлоого катышуу катнашы 85, 39 пайыз болгонун билдирди.

Худаярзаде бийликтеги Элдик демократ партиясынан талапкерликке көрсөтүлгөн президент Имамали Рахмандын добуштардын 90,92 пайызын алганын белгилеп, өлкөдө эң чоң экинчи партия Агрардык партиянын талапкери  Рустам Латифзоданын добуштардын 3, 03 пайызын, Экономикалык реформалар партиясынын талапкери  Рустам Рахматзоданын 2,15 пайыз, Социалдык партиянын талапкери Абдухалим Гаффорзоданын 1, 49 пайызын, Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоевдин 1, 17 пайызын алганын билдирди.

Буга чейин 1994 - 1999 жана 2006 - жылдары өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Рахман 2013-жылдын 6 - ноябрында өткөн шайлоодо 6 талапкердин катарында жарышып добуштардын 83, 92 пайызын алып төртүнчү жолу президент болуп шайланган.



Тектеш кабарлар