Зариф : "Иран Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотууну тынчтыкка кадам таштоо катары кабыл алат"

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф Азербайжан менен Армениянын ортосунда жарыяланган ок атышпоо келишимин кубатташканын билдирди.

1506469

Зариф твиттерден берген маалыматында : "Иран Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотууну тынчтыкка кадам таштоо катары кабыл алат",- деди.

Зариф Россияга ок атышпоо үчүн кылган аракетинен улам ыракмат айтып буларды белгиледи : «Коңшуларыбыз Азербайжан менен Арменияны эл аралык мыйзам жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн негизинде диалогго кирүүгө чакырабыз».

Россиянын арачылыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен кечээ болгон жыйында макулдашуу түзүлгөн ок атышпоо бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө ишке кирди.

Армения армиясы 27 -  сентябрда Азербайжандын жарандык отурукташуу жерлерине кол салышы менен Азербайжан армиясы операция баштаган. Жебралил шаары, Хадрут кыштагы жана 30дан ашуун айыл куткарылды.

Тектеш кабарлар