Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч туудурууда.

1505775
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19 fransa
super covid19 genel

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 66 миң 800дөн ашты. Жуктуруп алгандардын саны болсо 36 миллион 755 миңден, ал эми айыккандардын саны 27 миллион 671 миңден ашты.

Пандемиянын Европадагы чордону Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан каза болгондордун саны 77ге көбөйүп жалпы 45 миң 592 адамга, жуктургандардын саны болсо 17 миң 540ка көбөйүп 561 миң 815ке жетти.

Италияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам акыркы 24 сааттын ичинде 22 адам каза болуп жалпы 36 миң 83 деп катталды. 4 миң 458 жаңы учур менен бирге Ковид-19га кабылгандардын саны 338 миң 398ди түздү.

Францияда пандемиянын айынан акыркы 24 саатта 76 адам каза болуп жалпы 32 миң 521ге жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны 18 миң 129га көбөйүп 671 миң 638ге жогорулады. Саламаттык сактоо министри Оливье Веран пандемиянын жүрүшү начарлап баратканын, борбор шаар Парижден кийин Лилль, Гренобль, Лион жана Сент-Этьен шаарлары эпидемияга байланыштуу ишемби күнү "максималдуу коңгуроо" деңгээлине өтөөрүн жарыялады.

Ковид-19дан 897 адам каза болгон Австралияда акыркы 48 саатта вируска байланыштуу өлүм катталган жок. Өлкөдө дагы деле 267 активдүү учур бар.

25 адамдын өмүрүн алган Жаңы Зеландияда активдүү бейтаптардын саны 41ди түздү.



Тектеш кабарлар