12 жашында Гиннесстин рекорддор китебине кирди
Жексон Освальт 12 жашында өз алдынча ядролук синтез реакторун иштеп чыкты.
АКШлык Жексон Освальт 12 жашында жасаган ядролук синтез реактору менен 2021-жыл үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирүүгө укуктуу болду.
АКШнын Теннеси штатында жашаган Жексон Освальт 12 жашында өз алдынча ядролук синтез реакторун иштеп чыкты.
Долбоорду өз үйүндө ишке ашырган Освальт биригүү энергиясын бөлүп чыгаруучу жогорку температуралуу атомдорду талкалоого жөндөмдүү вакуумдан, насостон жана ар кандай отсектерден турган болоттон машина жасады. Болжол менен 10 миң долларлык материалдан турган машина жогорку деңгээлде энергия өндүрө алат.
Освальт бул долбоордо 2 жыл иштегенин жана реакторду куроодо кыйынчылыктарга карабастан, ал баарын өзү жасаганын түшүндүрдү.
12 жашында ишке ашырган долбоору менен Жексон Освальт өзөктүк синтездөө реакторун иштеп чыккан эң жаш адам болгон 14 жаштагы Тейлор Уилсондун рекордун жаңылады.
Азыр 13 жашта болгон Освальт мындай ийгиликке жетишкен эң жаш адам катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди.