Армения чет элдик жалданма аскерлерди колдонууда

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө төмөнкү сөздөр орун алды

1500575
Армения чет элдик жалданма аскерлерди колдонууда

Азербайжан, Ереван жетекчилигинин басып алган аймактарга чет элдик жалданма аскерлерди алып баруусунун терроризмдин Армениянын мамлекеттик саясатынын бир бөлүгү экендигин көрсөткөнүн билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана басма сөз кызматы тарабынан жасалган тийиштүү билдирүүлөргө сереп салган Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги, мындай ыкмалардын Армения тарабынан кеңири колдонулушуна байланыштуу тынчсыздануулардын алар тарабынан көп жолу айтылгандыгын эске салды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө төмөнкү сөздөр орун алды:

«Армения, Тоолуу Карабах аймагы менен айланасындагы облустарды басып алганда жана өлкөбүзгө андан кийинки кол салуулары учурунда чет өлкөлөрдөн, айрыкча Жакынкы Чыгыштан террорчулар менен жалданма аскерлерди алып келген болчу.

Армениянын акыркы айларда мыйзамсыз отурукташуу саясатынын алкагында чет элдик жалданма аскерлерди басып алган аймактарга алып келип, аларды "ыктыярдуу топтор" деген ат менен Азербайжанга карай кол салуу операцияларында колдонуп жатышы, дагы бир жолу терроризмдин Армениянын мамлекеттик саясатынын бөлүгү экендигин көрсөттү»,-делди.



Тектеш кабарлар