Президент Эрдоган Кувейтке көңүл айтты
Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах каза болду.
1499771
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кувейттин каза болгон эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах үчүн көңүл айтты.
Президент Эрдоган Твиттер баракчасынан араб жана түрк тилдеринде бөлүшкөн билдирүүсүндө буларга токтолду: «Кувейттин Эмири Сабах ал-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын жаткан жери жайлуу болсун, терең кайгыруу менен түрк элинин атынан дос жана боордош Кувейт элине көңүл айтамын»,-деди.
Бул учурда Кувейтте мураскор ханзаада шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах жаңы эмир болуп расмий түрдө кызматын баштады.
Бир жагынан, эс-Сабах каза болгондон кийин Катар, Египет, Иордания, Палестина, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Бахрейн, Ирак жана Ливияда аза күтүү жарыяланды.