Украинада кулаган учактын кара кутусу табылды

Украинанын расмий маалымат агенттиги Укринформдун билдиргенине караганда, Кучер кара куту азырынча текшериле электигин, бирок ал мүмкүн болушунча эртерээк чечмеленет деп үмүттөнгөнүн айтты.

1497941
Украинада кулаган учактын кара кутусу табылды

Украинада Харьков губернатору Алексей Кучер жума күнү Харьковдо кулаган аскер учагынын кара кутусу табылганын билдирди.

Украинанын расмий маалымат агенттиги Укринформдун билдиргенине караганда, Кучер кара куту азырынча текшериле электигин, бирок ал мүмкүн болушунча эртерээк чечмеленет деп үмүттөнгөнүн айтты.

Учактын калдыктарын чогултуу иштери уланууда.

Харьков облусунда жума күнү АН-26 үлгүсүндөгү аскердик учактын кулашынын натыйжасында 26 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды.

Учакта Харьков Аба Университетинин экипажы жана студенттери болгондугу, ал машыгуу рейси болгону кабарланды.



Тектеш кабарлар