Ливанда жарылуу болду

Жарылуудан кеминде 10 адамдын каза болгондугу кабарланды.

1467035
Ливанда жарылуу болду
Beyrut_patlama.jpg

Ливандын борбор шаары Бейрутта мурунку премьер-министр Саад аль-Хариринин үйүнүн жанында чоң жарылуу болду. Рейтер агенттиги жарылуудан кеминде 10 адамдын каза болгондугун жарыялады.

Жарылууда Хариринин үйү жана анын айланасындагы имараттар чоң зыянга учурап, көп сандаган адам жаракат алды.

Окуяда өкмөттүк имарат дагы жабыркады. Ливандын расмий маалымат агенттиги, Бейрут портунда жарылуучу зат коюлган кампада өрт чыккандыгын билдирди.

Хариринин ал-абалынын жакшы экендиги кабарланды. 



Тектеш кабарлар