Ливия парламенти Египетке каршылык көрсөттү

Ливия парламенти Египеттин президенти Абдулфеттах  ес  - Сисиге «Ливияга кийлигишүү» жоопкерчилигин берген долбоорду бекиткен Египет парламентине каршылык көрсөттү.

1459550
Ливия парламенти Египетке каршылык көрсөттү

Ливия парламенти Египеттин президенти Абдулфеттах  ес  - Сисиге «Ливияга кийлигишүү» жоопкерчилигин берген долбоорду бекиткен Египет парламентине каршылык көрсөттү.

Борбор шаар Триполидеги Ливия парламентинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Египет парламентинин «парламент» деген атка жамынып (Тобруктагы өкүлдөр парламенти) жана Ливия урууларынын өкүлү экенин айткандардын расмий болбогон чакыруусуна таянган чечимин толугу менен четке кагабыз»,- деп билдирилди.

Египет парламентинин чечимин токтоосуз айыптоого үндөлгөн  маалыматта Ливия өкмөтүнөн да «бул коркутууга саясий жана иш жүзүндө жооп кайтаруу үчүн даяр болушу жана ылайыктуу жооптуу берүү үчүн бардык жолдорду карап чыгуу керектиги» талап кылынды.

Маалыматта  : «Египет парламенти аскердик жактан коркута тургандай Ливия Египеттин коопсуздугуна карата коркунуч эмес»,- деп билдирилди.

Ливиянын ички иштер министри Фетхи Башага да Египет парламентинин ес – Сисиге «Ливияга кийлигишүү» жоопкерчилигин беришин «согуш жарыялоо» деп мүнөздөдү.

Фетхи Башага твиттерден берген маалыматында : «Египет парламентинин куралдуу күчтөрдү батыш чек арасынын тышына жиберүүсүн бекитүүсү Ливияга карата согуш жарыялоо жана Арап лигасы менен БУУ келишимдеринин бузулушу»,- деген сөздөргө орун берди.

«Чек арабыздын ичиндеги чет элдик бир күчтү душман күчү санайбыз. Улутубуздун эгемендигин, коопсуздугубузду жана эркиндигибизди коргоодон артта калбай турганыбызды жарыялайбыз»,- деди.

Египет парламенти мурунку күнү Сисиге «өлкөнүн улуттук коопсуздугун түзүү үчүн керектүү бардык чараларды көрүү жоопкерчилигинин берилиши» тууралуу долбоорду бекиткен.



Тектеш кабарлар