Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндө жайылышы

Иранда эпидемиядан каза болгон киши саны 14 634 деп белгиленди.

1459630
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндө жайылышы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 620 30дан, айыккандардын саны 9 миллион 134 000ден, вирус жуккан киши саны 15 миллион 117 000ден жогорулады.

Индияда вирустан каза болгондордун саны 28 781ге жогорулады. Өлкөдө вирус аныкталган киши саны да 1 миллион 195 000ге жетти.

Россияда вирустан 12745  киши каза болгон болсо, вирус жуккан киши саны да 789 190го жетти. Премьер  - министр Михаил Мишустин Россия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн чаралардын эрте көрүлгөнүн жактап : "Биз мурунтадан кыймыл кылдык. Президент В. путиндин жолдомосу менен Ковид  - 19  менен күрөшүүдө мурунтадан чара көрө баштадык. Ал кездерде өлкөбүздө бир да коронавирус бецтабы жок болчу",- деди. 

Иранда эпидемиядан каза болгон киши саны 14 634 деп белгиленди. Өлкөдө 278 827 кишиге вирус жуккан.Февраль айынан бери 138 медициналык кызматкердин вирустан каза болгону билдирилди. 

Кувейтте коронавирустан каза болгондордун саны 412, Йеменде 447ге, Палестинада 67ге, Катарда 160ка жана Бириккен Арап Эмираттарында 341ге жетти.

Түштүк Африка республикасында акыркы 24 саатта 195 киши вирустан каза болду, каза болгондордун жалпы саны 5 368ге жетти. Эпидемиянын Африка материгиндеги борбору болгон өлкөдө 8 170 кишиден вирустун аныкталышы менен вирус жуккан киши саны 381 798ге жогорулады.

Вирустан 26 киши каза болуп, 1713 кишиге вирус жуккан Түштүк Африка өлкөлөрүнөн Зимбабведе Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде 30 – марттан бери көрүлгөн чараларга баш ийбеген 100 000ден ашуун киши камоого алынды.

Вирустун айынан 4  634 киши көз жумган Кытайда акыркы 24 саатта эч кандай жоготуу болгон жок, ал эми вирус жуккан киши саны 83 миң 707 кишиге көбөйүп, 14 жаңы учур катталды.

Түштүк Кореяда вирустан каза болгондор 297 кишиге көбөйүп, акыркы күнү 63 киши, ал эми Ковид-19 илдетине чалдыккандардын саны 13 миң 879 деп белгиленди. Фронтто кызмат кылган 13 аскерде дагы вирустун аныкталышы менен аскерлердин арасында вирус жуккандардын саны 71ге  жеткен.

 



Тектеш кабарлар