Ооганстанда Талибан кол салуулары тыйыла элек

Логар полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Шапур Ахмадзей басма сөзгө берген маегинде Кале-Ахмедзей районунда Талибан террористтери менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгонун айтты.

1457567
Ооганстанда Талибан кол салуулары тыйыла элек

Ооганстанда 6 коопсуздук кызматкери талип согушкерлери менен кагылышуудан каза тапты.

Логар полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Шапур Ахмадзей басма сөзгө берген маегинде Кале-Ахмедзей районунда Талибан террористтери менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгонун айтты.

Коопсуздук кызматынын 6 кызматкери каза болуп, экөө жаракат алганын айткан Ахмадзей, Талибан согушкерлери дагы кагылышуудан каза тапканын айтты.

Экинчи жагынан, өлкөнүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин басма сөз катчысы Фейсал, акыркы бир айда Талибандын кол салууларында 129 жарандын өмүрүн алганын билдирди.

Акыркы бир айда Талибан 456 кол салууну кылгандыгын белгилеген Фейсал, бул кол салуудан 129 жай тургун набыт болуп, 291 жаран жаракат алганын айтты.

Файсал белгилегендей, Талибандын тынчтык үчүн күчтүү эрки жок.



Тектеш кабарлар