Чыгыш өлкөлөрүндөгү коронавирус

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны арбып баратат.

1452317
Чыгыш өлкөлөрүндөгү коронавирус

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 558 401ден, вирус жуккан киши саны 12 миллион 434 830дан жогорулады. Айыккандардын саны 7 миллион 252 605тен ашты.  

Россияда Ковид  - 19дан ушул кезге чейин каза болгондордун саны 11017ге жетип, өлкөдө жалпы 713 936 кишиге вирус жуккан. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Россия күлү Мелита Вуйнович акыркы эки жумада өлкөдө күнүмдүк коронавирус жугузган киши саны 6 000дин астына түшпөшүнүн жакшы белги эмес экенин билдирди. вуйнович 145 миллион калктын 10 пайызы эережерелрг баш ийбесе эпидемиянын дагы көпкө созуларын белгиледи. 

Иранда Ковид  - 19дан жалпы 12 305 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 250 458 болуп катталды. 

Индияда  акыркы 24 саатта 475 кишинин каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 21 632ге жогорулады. Өлкөдө жалпы бейтап саны 795 605 деп белгиленди. 

Катарда дагы 4 киши вирустан каза болуп, 557 киши катталды. Жалпы каза болгондордун саны 142ге, вирус жуккан киши саны 120 110го чыкты.

Вирустан акыркы бир күндө 3 киши дагы каза болгон Кувейтте жалпы 382 киши каза болду. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 833 кишиге көбөйүп, жалпы саны 52 840ка жетти.

Бириккен Арап Эмираттарында Ковид  - 19дан дагы бир киши каза болуп каза болгондордун жалпы саны 328ге, вирус жугузган 532 жаңы учур катталып жалпы саны 53 577ге жогорулады.

Ливанда вирустан 36 киши каза болгон болсо вирус жугузгандардын саны 2011ге жетти.

Вирустан 50 киши каза болгон Тунисте 10 жаңы учурдун катталышы менен жалпы вирус жуккан киши саны 1 231ге чыкты.

Иракта акыркы 24 саатта вирустан 103 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 2 882ге жетти. Өлкөдө 2170  жаңы учурдун  катталышы менен 39 502ге жогорулады.

Түштүк Африка Республикасында акыркы бир күндө 129 киши вирустан каза болду. Каза болгондордун саны 3 720га жогорулады. Акыркы 24 саатта 13 674 кишиге коронавирус диагнозунун коюлушу менен бейтап саны 238 339га жетти.

Ковид  - 19 эпидемиясында  акыркы 24 саатта Кытайда 4, Түштүк Кореяда 45 жаңы учур катталды. 

Израилде 24 саатта коронавирус диагнозу коюлган 4 байтаптын дагы каза болушу менен каза болгондордун саны 350гө жогорулады. өлкөдө 1464 жаңы бейтаптын катталышы менен жаңы бейтап саны 35 631ге чыкты. 

Кээ бир башка өлкөлөрдөгү жоготуулар төмөнкүчө болду: 

Пакистанда 5 0 58, Кытайда 4 634, Египетте 3 617, Индонезияда 3 417, Бангладеште 2 238, Сауд Арабиясында 2 0 100, Украинада 1345, Филиппиндерде 1314, Беларуста 449, Казакстанда 264.

 

 

 



Тектеш кабарлар