Зариф Боррелге кат жазды

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Жосеф Боррелге жиберген катында  атомдук келишим тууралуу эскертти.

1448843
Зариф Боррелге кат жазды

 Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Жосеф Боррелге жиберген катында  атомдук келишим тууралуу эскертти.

Тышкы иштер  министрлигинин катчысы Аббас Мусевинин мамлекеттик медиада орун алган билдирүүсүнө караганда Зариф Бореллге атомдук келишим тууралуу кат жиберди.

Катта Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин башкаруу кеңешине сунуш кылган Иранга каршы долбоордон улам Германия, Франция жана Британияны сынга алган Зариф  Иран менен Эл аралык  атомдук энергетика агенттигинин ортосундагы кызматташууга карата бардык кийлигишүүнүн атомдук келишимге тескери экенин жактап, мунун азыркы учурдагы  кызматташууга негатив таасир бериши боюнча эскертти.

Германия, Франция жана Британияны атомдук келишимге баш ийбөө боюнча эскерткен Зариф маселени чечүү үчүн Биргелешкен Комиссиянын маселеге кийлигишүүсүн суранды.

Эл аралык атом энергиясы агенттигинин  башкаруу кеңеши 19 -  июнда 8 жылдык убакыттан кийин биринчи жолу Ирандан атомдук программасы тууралуу толук  кызматташуу талап кылган жана Эл аралык атом энергиясы агенттинин инспекторлорунун Тегерандын атомдук иш алып баруусунан шектенилген эки аймакка кириши үчүн уруксат сураган чечим чыгарган.

Тегеран башкаруусу Эл аралык атом энергиясы агенттинин 2 комплекске кирүү үчүн уруксат талабынын мыйзамдуу жана ишенимдүү документтерге эмес, Израилдин айткандарына таянганын жактап жатат.



Тектеш кабарлар