Астана саммити эртең өткөрүлөт
Үч лидер видеоконференция аркылуу сүйлөшөт.
Түркия, Орусия жана Ирандын лидерлери видеоконференция аркылуу чогула турган Астана саммити эртең болот.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани жыйында Сириядагы акыркы кырдаалды талкуулашат.
Эрдоган, Путин жана Рухани буга чейин Анкарадагы жыйында чогулушкан болчу. Былтыр сентябрь айында өткөрүлгөн жыйындан кийин саммиттин марттын башында Тегеранда өткөрүлүшү пландалып жаткан эле. Бирок коронавирус (Ковид-19) пандемиясы саммиттин Иранда өтүшүнө жол берген жок.
Пандемияга каршы күрөш уланып жаткандыктан видеоконференцияны тандоо маселеси көтөрүлдү. Эрдоган, Путин жана Рухани видеоконференция аркылуу сүйлөшөт. Ушундайча Астана форматындагы саммиттин 6-жыйыны өткөрүлгөн болот.
Үч лидер Сириядагы саясий өткөөл процессин талкуулашат жана Конституциялык комитеттин ишиндеги акыркы абал каралат.
Идлиб менен Евфрат дарыясынын чыгышындагы кырдаал дагы талкууланат.
Тектеш кабарлар
256 палестиналык спортчу өлтүрүлдү
Төрага Ракуб Палестинанын медиа мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.