Японияда дүйнөдөгү эң кичинекей динозавр жумурткасынын калдыгы табылды

Ага «Himeoolithus murakamii»  деген ат берилди.

1442284
Японияда дүйнөдөгү эң кичинекей динозавр жумурткасынын калдыгы табылды

Японияда изилдөөчүлөр узундугу 4,5 сантиметр жана туурасы 2 сантиметр болгон дүйнөдөгү эң кичинекей динозавр жумурткасынын калдыгын табышты.

Цукуба университетинин менен Адам ресурстары жана Жаратылыш музейинин изилдөөчүлөрүнөн турган топ, Хёго провинциясындагы Тамба шаарында динозавр жумурткасынынын калдыгын табышты.

Бул изилдөөчүлөр, геохронологиялык катары жүз миллион жыл мурунку алгачкы кретикалык мезгилге таандык болгон жер катмарындагы жумуртканын калдыгынын ошол мезгилде 10 граммды түзгөндүгүн билдиришти.

Теропот түрүндөгү кичинекей динозаврга таандык экендиги белгиленген фоссилдин анализинде 4,5 сантиметр менен 2 сантиметрге туура келген табылга «Himeoolithus murakamii»  деп аталды.

Изилдөөчү топтун эксперттеринин бири Цукуба университетинин профессору Танака Кохейдин айтымында, бул фоссилделген жумуртка ошол жердеги кичинекей динозаврлардын кантип уя салгандыгын ачып берет.

Монголия жана Испаниядагы казылып алынган жумурткалардын көпчүлүгү 5 сантиметрден 7 сантиметрге чейин өлчөнгөнүн белгилеген изилдөө тобу, Тамбадагы табылганын дүйнөдөгү эң кичинекей жумуртка фоссили экендигин айтты.



Тектеш кабарлар