СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 465 миңден ашты.

1440020
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 465 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 867 миңден ашты. Ал эми 4 миллион 724 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Италияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 49 кишиге көбөйүп, 34 миң 610го жогорулады. Бейтаптардын саны 331ге кыскарса дагы жаңы жуктурган 262 учур менен инфекцияга чалдыккандардын саны 21 миң 212 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада каза тапкандардын санынын 36 экенин, ошону менен жалпы каза болгондордун  саны  28 миң 322ге жеткенин жарыялады. Министрлик акыркы 24 саатта жуктуруп алгандардын саны 134кө көбөйүп жалпы жуктуруп алгандардын санынын 245 миң 938ге жогорулаганын маалымдады. Ковид-19дун себебинен 98 күндөн бери уланган өзгөчө кырдаал бүгүн соңуна чыккан Испанияда, «жаңы калыбына келүү» процессине өтүлдү.

Португалияда болсо акыркы 24 саатта бир киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 527ге, илдетке чалдыккандардын саны 377 жаңы учур менен бирге 38 миң 464кө жетти.



Тектеш кабарлар