Хейко Маас менен Жан - Ив Ле Дриан Израилдин аннексия планын сынга алды
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Израилдин Батыш Шерианы аннекция кылуу планынан тынчсызданганын айтты.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Израилдин Батыш Шерианы аннекция кылуу планынан тынчсызданганын айтты.
Маас өлкөсүнө барган Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен борбор шаар Берлинде өткөргөн жолугушуудан кийин пресс- жыйын өткөрдү.
Дүйнөдө көптөгөн келишпестиктердин бар экендигин белгилеген Маас көп тараптуу мамилени сактап, эрежелерге негизделген эл аралык тартипти чыңдоону каалагандыгын билдирди.
Маас француз кесиптеши менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин талкуулашкандарын айтып : «Экөөбүз тең Израилдин аннекция пландарынан бир гана Израиль үчүн эмес, бардык аймактын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн тынчсыздануудабыз»,- деди.
Ле Дриан Жакынкы Чыгышта тынчтык процессинин улантылышы керек экендигин баса белгилеп : «Европадагы өнөктөштөрүбүз менен аннекцияга тоскоол болуу үчүн жакындан иштеп жатабыз»,- деди.
Ыктымалдуу аннексиянын эл аралык мыйзамдарды бузарын белгилеген Ле Дриан келечекте палестиналыктардын Израилде тынчтыкта жашашы үчүн 2 мамлекеттүү пикирдин бир гана чечүүчү жол болорун айтты.
Ле Дриан аннексиянын аймакта туруксуздукка алып келерин бирок мунун болушун каалашпагандарын билдирди.