Ливандагы нааразылык акциялары

Митингдер Бейрутта жана Триполиде уланып жатат.

1436280
Ливандагы нааразылык акциялары

Ливанда экономикалык кризиске каршы нааразычылык акциялары борбор шаар Бейрутта жана Триполиде уланууда.

Бейруттун борборуна чогулган миңдеген демонстранттар кымбатчылыкка жана Ливан акчасынын долларга карата нарксызданышына нааразы болушту.

Коррупционерлерди куугунтуктоо, өлкөдөн акыйкатсыз менен чыгарылып кеткен акчаны кайтаруу жана режимдин кулашын талап кылган демонстранттар алардын талабы аткарылмайынча көчөлөрдөн кетпей тургандыктарын билдиришти.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Триполи шаарындагы демонстрацияга чогулган эл "Триполи - тынчтыктын шаары" деген ураандарды чакырып, күч колдонууга каршы экендиктерин белгилешти.

Сөз эркиндигине баш ийгендерин билдирген демонстранттар, шаардагы башаламандык боюнча жетекчилерге чакырык салышты.

Кымбатчылык жана экономикалык кризиске нааразы болуп коррупционерлердин жоопко тартылышын каалаган Триполидеги демонстранттар, Абдулхамид Керами көчөсүн дөңгөлөктөрдү өрттөп жаап салышты.



Тектеш кабарлар