Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 434 миңден ашты.

1435857
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 434 миңден ашып, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миллионго чукулдап калды. Ал эми 4 миллион 91 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

4 миң 634 киши каза болгон, жуктуруп алгандардын саны 83 миң 132ге жогорулаганы, эпидемия алгач пайда болгон Кытайда, борбор шаар пекинде жаңы типтеги коронавирус аныкталган учурлардын себебеинен жабылган Шинфади базарынын чөйрөсүндө жашаган 46 миңден ашуун кишиге тест жасала турганы билдирилди.

Каза болгондордун саны 4кө көбөйүп 119га жеткен Азербайжанда, акыркы 24 саатта 387 кишиде Ковид-19 аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын саны 9 миң 975ке жетти.

Акыркы 24 саатта пандемияда каза болгондордун санынын 5 пайызга артып 308ге жогорулаган Беларуста, 732 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын саны 53 миң 973кө жетти.

Молдовада акыркы 24 сатта каза тапкандардын саны 8ге көбөйүп 406га жогорулады, 240 кишиде жаңы учур катталышы менен бирге вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 миң 740ка жетти.

50 киши каза болгон Тажикстанда, акыркы 24 саатта Ковид-19дун жуктурган учурлар 64кө көбөйүп 5 миң 35 болду.

73 киши каза тапкан, 14 миң 496 жуктурган учур катталган Казакстанда Ковид-19 тести позитив болуп чыккан саламаттык сактоо министри  Йелжан Биртанов ооруканага жаткарылды.

19 киши каза болгон Өзбекстанда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 57ге көбөйүп 5 миң 51ге жогорулады. Өлкөдө ушул убакка ишке ашырылган карантин мөөнөтү 1-авгуска чейин узартылды.

14 киши каза тапкан Грузияда акыркы бир күндө дагы 13 кишиде Ковид-19таныкталганы боюнча жалпы жуктуруп алгандардын саны 867 болду.



Тектеш кабарлар