Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Тажикстанда 24 сааттын ичинде вирустан бир кишинин каза болушу менен каза болгондордун саны 49га, бейтап саны 4 834кө жогорулады.

1434466
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны  424 750гө жетти. Вирус жугузгандардын саны  7 миллион 637 000 болуп, айыккандардын саны 3 миллион 865 000ден ашты.

Каза болгондордун саны 6 кишиге көбөйүп жалпы саны 108ге чыккан Азербайжанда 352 кишиде вирустун аныкталышы менен бейтап саны 8 882ге жетти.

Россияда каза болгондордун саны 6 715ке, вирус жуккан киши саны да 511 423кө чыкты. 

Украинада президент Зеленскийдин жубайы Елена Зеленскаянын коронавирус жуктуруп алганы билдирилди. Зеленскийдин жана уулунун коронавирус тестинин негатив чыкканы белгиленди. 

Кытайда ушул күнгө чейин вирустан 4 634 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 83064 болду.  

277 киши каза болгон Түштүк Кореяда вирус жугузгандардын саны 1203кө жогорулады.

Тажикстанда 24 сааттын ичинде вирустан бир кишинин каза болушу менен каза болгондордун саны 49га, бейтап саны 4 834кө жогорулады.

Кыргызстанда 26 киши каза болуп акыркы 24 саатта илдетти жуктургандардын саны 36 кишиге көбөйүп жалпы саны 2 129  жогорулады.

Өзбекстанда болсо бул илдеттен 19 киши каза болуп, бейтап саны 4 717ге жеткени билдирилди.

Сауд Арабияда коронавирустан каза болгондордун саны 857ге жогорулады. 3 733 кишиде вирус аныкткалып,  жуктуруп алгандардын жалпы саны 116 миң 21ге жогорулады. Белорусияда болсо каза болгондордун саны 293кө чыгып, 750 кишиде дагы вирустун аныкталышы менен жалпы вирус жуктургандардын саны 51 816га жогорулады. Саламаттык сактоо министри Владимир Караник эпидемиянын ыктымалдуу экинчи толкунуна даяр туруу керектигин баса белгиледи.

Молдовада 24 саатта дагы 4  кишинин каза болушу менен жалпы сан 375 болду,  406 кишиде вирус аныкталды. Вирус жуккан бул кишилердин 20сы медициналык кызматкер жана жалпы вирус жугузгандардын саны 10 727ге жогорулады.

Иракта 457 киши каза болсо, Бириккен Араб Эмираттарында 286га, Кувейтте 279га, Катарда 69га, Бахрейнде 34кө, Ливанда 31ге чыкты.

Иорданияда болсо 27 кишинин дагы вирус жугузушу менен жалпы жуктургандардын саны 890гө жетти.

Кечээ Мароккодо Ковид  - 19дан каза болгондор болбостон, вирус жугузган киши саны 8537ге жогорулады. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасы көрүлгөн чаралардын негизинде  1 -  июлдан тарта өлкөгө кирүүгө уруксат берет.

Египетте Ковид  - 19дан 35 кишинин дагы каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 1377ге, вирус жугузгандардын саны да 39 726га чыкты.  

Түштүк Африкада  284 киши каза болсо Нигерияда 387ге жогорулады. 

Индияда акыркы 24 саатта коронавирустан 396 киши каза болуп, 10 966 кишиге вирус диагнозу коюлду. 

Эгипетте Ковид  - 19дан 35 киши дагы каза болуп жалпы каза болгондордун саны 1377ге, бейтаптардын саны 39 726га чыкты. 

.

 

 



Тектеш кабарлар