Кытайда катуу жамгыр жаады

Кытайдын түштүк жактарында бир жумадан ашуун убакытан бери катуу жаап жаткан жамгыр жол ачкан селден 21 киши каза болду.

1433395
Кытайда катуу жамгыр жаады

 Кытайдын түштүк жактарында бир жумадан ашуун убакытан бери катуу жаап жаткан жамгыр жол ачкан селден 21 киши каза болду.

Жергиликтүү чукул абалга кийлигишүү департаментинен берилген маалыматта өлкөнүн Гуанс Куанг  автоном аймагында 6 кишинин каза болгону, бир кишинин дайынсыз жоголгону, Хунан аймагында 7 кишинин каза болгону, бир кишинин жоголгону жана Гуижоу аймагында болсо 8 кишинин каза болгону билдирилди.  

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда Чукул абалдар башкармалыгынан берилген маалыматта да 2 -  июндан бери катуу жамгыр жаашы жана селден 228 000 кишинин коопсуз жерлерге эвакуацияланганы маалымдалды.

Жамгыр жаашы жана селден 2  миллион 630 000ге жакын кишинин таасирленгени белгиленген маалыматта 1300 үйдүн кулашына жол ачкан апааттын берген зыянчылыгы 4 миллиард юан башкача айтканда 566 миллион доллардан ашуун экендиги белгиленди.

Маалыматта 110 дарыянын суу деңгээлинин коркунуч чегин ашкандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар