Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

Тажикстанда 47 киши каза болуп, акыркы 24 саатта бейтап саны 87 кишиге көбөйүп жалпы вирус жугузгандардын саны 4 100гө жогорулады.

1428638
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү таасири

 Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза тапкандардын саны 383 042ден ашты. Вирус жугузгандардын саны  6 миллион 480 000 болуп, айыккандардын саны 3 миллион 088ге жетти.

Израилдин саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы 24 саатта 5 кишинин вирустан каза болгону, 5 жаңы учурдун катталганы билдирилди. Бул маалыматтарга караганда өлкөдө каза болгондор 290, бейтап саны 17 285 ке жетти. Өткөн айда күнүмдүк катталган жаңы учур саны 50дөн төмөн болгон Израилде Ковид  - 19дан улам жабылган мектептептер кайрадан билим бере баштап, ресторан жана соода борборлору менен бардык ишканалар ачылган. Окуучулар менен мугалимдерде да вирустун аныкталышы менен 31 мектеп кайра жабылды.

Каза болгондордун саны 71ге жеткен Азербайжанда 273 кишиде дагы вирустун аныкталышы менен бейтап саны 5 935ке жетти.

307 киши каза болгон Молдовада акыркы бир күндө 188 кишиде вирус аныкталып бейтап саны 8 548ге жогорулады. Алардын ичинен 17 киши медициналык кызматкер.

Тажикстанда 47 киши каза болуп, акыркы 24 саатта бейтап саны 87 кишиге көбөйүп жалпы вирус жугузгандардын саны 4 100гө жогорулады.

15 киши каза болгон Өзбекстанда 32 кишиде дагы вирустун аныкталышы менен вирус жугузгандардын жалпы саны 3 759га жогорулады. Ошол эле учурда Түштүк Корея Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Өзбекстанга медициналык каражат менен дарылардан турган 9 жарым тонна гуманитардык жардам жиберди.

41 киши каза болгон Казакстанда саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда Ковид  - 19дан айыккандардын саны 354кө көбөйүп 5 941 кишиге жеткен. Өлкөдө бейтап саны 11 571 деп билдирилген.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу март айынын башынан бери армияда 6500гө жакын кишинин Ковид  - 19 вирусун жуктурганын жана булардан 4300дөн ашуунунун айыкканын билдирди. Россиянын  Патриархаты болсо 6 -  июндан баштап чиркөө жана ыбадатканалардын элге ачылышы тууралуу чечим чыгарды. Вице  - премьер - министр  Дмитрий Чернышенко да Ковид  - 19дан улам 17 -  мартта жоюлган Премьер лига футболдук беттешүүлөрүнүн 19 -  июндан баштап өткөрүлөрүн жарыялады. 5 215 киши  коронавирустан каза болгон Россияда вирус жугузгандардын саны 432 277, айыккандардын саны  да 195 7деп билдирилди.

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондор 7 942ге жетип, вирус жуккандардын саны 157 562ге жогорулады. Саламаттык сактоо министри Саид Немеки Ковид – 19 эпидемиясы тууралуу : «Элибиз учурдагы шарттарды нормалдуу кабыл албашы керек. Бул жагдайды көптөгөн жолу түшүндүрдүк. Коронавирус ысыкта текшерүү астына алынган жок. Эпидемия токтоо жолуна кирген жок»,- деди.

Иракта 24 сааттын ичинде вирустан 20 киши дагы каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 235ке жетти. Ошол эле убакыттын ичинде 519 кишиде вирус аныкталып  коронавирус жуккан киши саны 7 387ге жогорулады. Иракта эпидемия жайыла баштаган февраль айынан бери биринчи жолу бир күндүн ичинде  500дөн ашуун жаңы учур катталды.

Кенияда 71 киши каза болуп, ушул кезге чейин 2093 кишиде вирус аныкталды.  Өлкөдө коопсуздук күчтөрүнүн Ковид  - 19  эпидемиясынан улам киргизилген коменданттык саатка баш ийбеген 15 жаранды өлтүргөнү билдирилди.

Йеменде акыркы маалыматтарга караганда Ковид  - 19дан 84 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 354кө жогорулады. Чек тааныбаган дарыгерлер уюму МСФ Йемендин убактылуу борбор шаары аденде Ковид  - 19 бейтаптары дарыланган борбордогу бейтаптардын өлүмүнүн бат эле болуп жатканын билдиришти. Өлкөдө Иран колдогон хусилер Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн текшерүүсү астындагы аймактарда кенен мобилизация жарыяланганын билдирди.

12 киши каза болгон Экватор Гвинеясында  Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун  өлкө өкүлүнүн кааланбаган киши жарыяланып өлкөдөн чыгып кетиши талап кылынды. Тышкы иштер министрлиги тарабынан 26 -  майда ДСУнун Африка аймактык кеңсесине жиберилген нотада доктор Трифоние Нкурунзизанын өлкөдөгү Ковид -19 тууралуу абалды күчөткөнү белгиленди.

Башка өлкөлөрдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө :

Индияда 5 829, Россияда 5215, Кытайда 4 634, да 1688, Бангладеш 709, Сауд Арабияда 549 жана Катарда 43.



Тектеш кабарлар