Эвересттин бийиктигин өлчөй турган группа чокуга барды

Дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосунун бийиктигин өлчөө үчүн  7 – майда жолго чыккан Кытай группасы чокуга барды.

1424313
Эвересттин бийиктигин өлчөй турган группа чокуга барды

 Дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосунун бийиктигин өлчөө үчүн  7 – майда жолго чыккан Кытай группасы чокуга барды.

Кытай расмий маалымат агенттиги Синьхуадагы кабарга караганда жарытылыш ресурстары министрлигинен  өлчөө адистери менен профессионал альпинисттерден турган 30 кишилик группа Непал  - Кытай чек арасындагы тоонун Кытай тарабындагы лагерден баштаган чокуга карай жолунун акырына чыкты.

Группанын чокуда спутниктен келген Дүйнөлүк жайгаштыруу тутуму  (GPS) сигналдары менен жерде спутниктерден келген сигналдар жана гравиметрия сыяктуу аппараттардын жардамы менен тоонун эң бийик жерин өлчөй турганы белгиленди.  

Өзгөчө группанын табигый булактарды аныктоого карата изилдөө иштерин аткарары маалымдалды.

Кытай андан мурда 1975 жана 2005 -  жылдары чокунун бийиктигин өлчөө үчүн Эверестке группаларды жиберген. Ал мезгилде тоонун бийиктиги кезеги менен 8848 метр 13 сентиметр жана 8 844 метр 43 сантиметр деп өлчөлгөн.



Тектеш кабарлар