АКШнын президенти Трамп Кытайдын вирусту атайын чыгарбагандыгын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп  жаңы тип коронавирустун глобалдык бир эпидемия болушунда жооптуу деген Кытайдын вирусту атайын чыгарбагандыгын айтты.

1411653

Дональд Трамп оваль офисте  «New York Post» гезитине берген атайын маегинде Ковид  - 19дун глобалдык эпидемия болушунда Кытайды жооптуу деп эсептейт жана : «Чалгындоо кызматынын отчетунан билингендей Кытайда жаман нерселердин болгонун билип жатабыз.  Кытай вирусту атайын чыгарган жок бирок вирус ал жерден (Ухандан) чыкты»,- деди.

Андан мурунку билдирүүлөрүндө Ковид  - 19дун бир лабораториядан чыкканын жактаган Трамп бул жолу : «Вирус Уханда чыкты бирок бул жер лаборатория болбошу мүмкүн. Вирустун  ал жерден чыгып бүткүл дүйнөгө жайылышына уруксат берилбеши керек эле»,- деди.

Трамп Кытай менен күчөп бара жаткан чыңалууга аскердик  кийлигишүүнүн болуп же болбой тургандыгына  байланыштуу бир суроого : «Согуш тууралуу сүйлөгүм келбейт. Бул жагымсыз нерсе. Билесиздер, бир нече ай мурда Кытай менен соода келишимин түздүк. Келишим процессинде эки өлкөнүн карым  - катнаштары тууралуу абдан чоң оптимизм бар эле. Андан кийин бул вирус чыкты»,- деп жооп берди.

Тектеш кабарлар