Халифе Хафтер күчтөрү ооруканага кол салды

Халифе Хафтер күчтөрүнүн коронавирусту дарылоо борборлорунун бири катары белгиленген Ел – Хадра ооруканасындагы дары- дармек сактоочу жерлерди «Град» ракетасы менен аткандыгы белгиленди.

1395183
Халифе Хафтер күчтөрү  ооруканага кол салды

Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин күчтөрү борбор Триполиде жаңы тип коронавирус жугузган кишилердин дарыланышы үчүн бөлүнгөн оорукананы үчүнчү жолу бутага алды.

БУУ тарабынан таанылган Улуттук ынтымактык өкмөтүнө караштуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз бюросунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Халифе Хафтер күчтөрүнүн коронавирусту дарылоо борборлорунун бири катары белгиленген Ел – Хадра ооруканасындагы дары- дармек сактоочу жерлерди «Град» ракетасы менен аткандыгы белгиленди.

Дары - дармек сактоочу жерлердин чоң өлчөмдө зыян тарткандыгы бирок өлүм- житимдин болбогондугу белгиленип, Хафтер күчтөрүнүн оорукананы төрт күндүн ичинде үчүнчү жолу аткандыгына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар