Афганстанда Сих храмына кол салуу болду

Кол салуу учурунда храмда 150 кишинин болгондугу билдирилди.

1384645
Афганстанда Сих храмына кол салуу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда Сих храмына куралдуу кол салуу жасалды.

Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арйен массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө Кабулдун Шор Базар аймагында сихтерге таандык храмга куралдуу кол салуу болгондугун айтты.

Кол салуучулар менен полициянын ортосунда чыккан кагылышуунун улантылып жаткандыгын айткан Арйен кол салуучулардын 4 киши экендиги болжолдолгондугун белгиледи.

Храмда 150 кишинин сыйынып жаткандыгы, кол салууну азырынча эч кимдин моюнга ала электиги билдирилди.



Тектеш кабарлар