Ковид  - 19дан каза тапкан киши саны  9000 ге жетти

Иранда  Ковид  - 19дан 1284 киши каза болуп, бейтап саны 17361ге жогорулады.

1381323
Ковид  - 19дан каза тапкан киши саны  9000 ге жетти

Декабрь айында чыгып, 200 000ден ашуун кишиге жуккан коронавирус Ковид  - 19дан каза тапкан киши саны  9000 ге жетти.

Иранда  Ковид  - 19дан 1284 киши каза болуп, бейтап саны 17361ге жогорулады.

Каза болгондордун арасында бир дарыгер, бейтаптардын арасында үч жаштагы бир кыз бала да бар.Дарылангандардан 5710 киши да айыгып ооруканадан чыкты.

Иран саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Киянуш Жиханпур өлкөсүндө  ар бир он минутада бир кишинин Ковид  - 19 вирусунан каза тапкандыгын айтты. Соцтармак твиттерден берген маалыматта: «Бир саатта элүүгө жакын киши вирус жуктурууда»,- деди Жиханпур.

Палестинанын премьер  - министри Мухаммед Ыштиййе коронавирустан улам басып алынган Батыш Шерианын Бейтуллахим  шаарында көчөгө чыгууга тыюу салууну жарыялады. Басып алынган Батыш Шериада бейтап саны 44кө жетти.

Корона вирус жугузган киши саны 113 деп белгиленген Бириккен Араб Эмирликтери коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде  жарандарынын өлкө тышына чыгышына тыюу салды.

Катарда 452, Кувейтте 142, Сауд Арабияда 67, Иорданияда 56, Оманда 39 бейтап бар.

529 бейтап болгон Израилдин президенти Реувен Ривлин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен коронавирус менен күрөшүү тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Израиль  өзгөчө чет элдиктердин өлкөгө киргизилбей тургандыгын да жарыялады. Тыюу салуунун  Израилде жашаган чет элдиктерди камтыбагандыгы билдирилди.

Өлкөдө коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде бардык мектептерде билим берүүнү токтотуу мажбур абалга алып келинип, ультра  - ортодокс (харедий) еврейлердин диний мектептеринин (иешива) ачык болушу каршы чыгууларга себеп болууда.

Украинада депутат Шаховдо  коронавирус аныкталды, борбор шаар Киев аймагында чукул абал жарыяланды.

Орусияда бейтап саны 147ге жетип, вирустан 79 жаштагы бир аял каза тапты. Ушундайча өлкөдө коноравирустан биринчи жолу бир киши каза болду.

Премьер  - министр Михаил Мишустин вирустан улам АКШ, Бириккен Араб Эмирликтери, жана Бириккен Королдукка жасала турган учак каттамдарына чектөө киргизилгендигин билдирген.

Орусиянын коргоо министрлиги өлкөдө көчөгө чыгууга тыюу салуунун баштатылары тууралуу сөздөрдүн негизсиз экендигин билдирди.

Африка өлкөсү Буркина Фасодо Ковид – 19дан бир кишинин каза болгондугу билдирилди.

Белорусияда 51, Өзбекстанда 23, Казакстанда 36 бейтап бар.

Казакстандын борбор шаары Нур Султан жана Алматыда жаңы тип коронавирустун айынан карантинге алуу башталды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жалпы Африкада Ковид  - 19дан 17 кишинин каза болгондугун жарыялады. 

Алжир саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта өлкөдө 10 жаңы бейтаптын аныкталгандыгы жана Ковид  - 19дан каза тапкандардын саны сегизге жогорулагандыгы билдирилди. Министрлик булактарынан алынган маалыматка караганда вирус анытклаган 32 киши  айыкты. 

Нигерияда да вирустан улам бардык футболдук таймаштар  токтотулду.

Малайзиянын мурунку премьер  - министри Махатхир Мухаммед коронавирус жугузуп алуу ыктымалына карата өзүн үй карантинине алгандыгын жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар