Австралияда эки кичине учак кагылышты

Кырсыкта эки учактагы төрт киши каза болду.

1362428
Австралияда эки кичине учак кагылышты

Австралияда абада кагылышкан эки кичинекей учактагы 4 киши каза болду.

Виктория полициясы  тарабынан берилген маалыматка караганда Мельбурн шаарынын жакындарында ичинде экиден киши болгон эки кичинекей учак азырынча белгисиз бир себеп менен абада кагылышты.

Мангалоре аэропортунун чыгышында жергиликтүү убакыт боюнча эрте менен саат 11.25те болгон кырсыкта жерге түшкөн учактардагы 4 киши каза тапты.

Окуя тууралуу баштатылган териштирүүнүн улантылып жаткандыгы жана каза болгондордун күбөлүктөрүнүн азырынча белгилене албагандыгын билдирген Виктория полициясы кагылышуу тууралуу Австралия жарандык авиация коопсуздугунун жетекчилерине маалымат берилгендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар