Керкүктө АКШ аскерине кол салуу болду

Армиянын генералы Саад Харбийе шаардын батышындагы К 1 аскердик базасынын катюша ракеталары менен бутага алынгандыгын айтты.

1359577
Керкүктө АКШ аскерине кол салуу болду

Ирактын Керкүк шаарында АКШ аскерлери да болгон К 1 аскердик базасына ракеталык  кол салуу жасалды.

Керкүк операциялар командири, армиянын генералы Саад Харбийе шаардын батышындагы К 1 аскердик базасынын катюша ракеталары менен бутага алынгандыгын айтты.

АКШ аскерлери да болгон базага кол салуунун натыйжасында чыгым болгондугун белгилеген Харбийе окуядан кийин коопсуздук күчтөрүнүн базанын жакындарында бир мазардан 10дон ашуун ракета атуучу тапкандыгын билдирди.

Харбийе кол салуучулардын табылышы үчүн коопсуздук күчтөрүнүн аймакта ишин улантып жаткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар