Маас : "Ливия келишпестигин чече турган ачкычты алдык"

Тышкы иштер министри Маас жарандык согушту саясий бир чечүүчү жолго жеткирүү үчүн тараптарды жолугуштурууда ийгиликтүү болушу керектигин айтты.

1343880
Маас : "Ливия келишпестигин чече турган ачкычты алдык"

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Ливияда туруктуу ок атышпоо жана саясий процессти баштоо максатында Берлинде өткөрүлгөн эл аралык конференциянын максатына жеткендигин белгилеп : «Бул жерден Ливия келишпестигин чече турган ачкычты алдык. Эми бул ачкычты кулпуга киргизип буроо керек»,- деди.

Конференциядан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Маас коюлган колдордун жетерлик эмес экендигин, Иликтөө комитетин куруп чыгарылган чечимдерди иликтөөнү каалашкандарын айтты.

Конференцияга катышпаган өлкөлөрдүн Ливия тууралуу аскердик, саясий, эконмикалык жана адамзаттык темаларда салым кошо аларын да айткан Маас : «Алдыбызда абдан кыйын бир жол бар. Негизги иш ушул учурдан башталат»,- деди.

Тышкы иштер министри Маас жарандык согушту саясий бир чечүүчү жолго жеткирүү үчүн тараптарды жолугуштурууда ийгиликтүү болушу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар