Афганстан Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр

Афганстандын тынчтык иштери боюнча министри Салам Рахими Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыша турган делегация тизмесинин толукталгандыгын билдирди.

1342646
Афганстан Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр

Афганстандын тынчтык иштери боюнча министри Салам Рахими Талибан менен түздөн түз тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн даяр экендерин билдирди. Рахими борбор шаар Кабулда катышкан бир программада АКШ менен Талибандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин Талибан менен афган өкмөтүнүн ортосунда түздөн түз тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышын күтүп жатышкандарын айтты.

Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыша турган делегация тизмесинин толукталгандыгын билдирген Рахими : «Талибан менен түздөн түз тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн делегациябыз менен бирге даярбыз»,- деди. Министр Рахими тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн Талибандын оболу ок атышпоо жарыялашы керектигин жана күч колдонуунун азайтылышынын мааниге ээ эмес экендигин белгиледи.

Өткөн жылы башталган жана азыр да улантылып жаткан  АКШ -  Талибан тынчтык сүйлөшүүлөрү акырына чыккандан кийин Афганстан өкмөтү менен Талибандын түздөн түз сүйлөшүүнү башташы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар