Тааль вулканы лава жана күл бүркүп жатат

Вулкандык атылууга байланыштуу 30 миң киши эвакуацияланды.

1340703
Тааль вулканы лава жана күл бүркүп жатат

Филиппиндин борбор шаары Манилага жакын жерде жайгашкан жана жекшемби күнү атылган Тааль вулканы лава жана күл бүркүп жаткандыктан 30 миң киши эвакуацияланды.

CNN Philippinesтеги кабарга караганда, Филиппин аралдарынын вулкан илими жана сейсмология институтунун төрагасы Ренато Солидум, Батангас аймагында жайгашкан Тааль вулканындагы кыймылдуулуктун уланышын күткөндөрүн баса белгиледи.

Жанар тоонун айланасындагы шаар жана кыштактарда мектептер убактылуу жабылып, 30 миң кишинин эвакуациялангандыгы кабарланды.

"Манила" эл аралык аэропортундагы ички жана тышкы каттамдардагы учуулар дагы вулкандык атылууга байланыштуу убактылуу токтотулду.



Тектеш кабарлар