Дүйнө жаңы жылды кубанычтуу тосуп алды

Жаңы Зеландиядан эки сааттан кийин Австралия 2020 -  жылга кирип, Сиднейде ферейрверктердин атылышы  көркөмдүү көрүнүштөрдү жаратты.

1332893
Дүйнө жаңы жылды кубанычтуу тосуп алды
istanbul.jpg
istanbul.jpg
istanbul.jpg
istanbul'da yeni yil.jpg

Жаңы жыл кубанычы бүткүл дүйнөдө жайылды. Стамбулдуктар жана туристтер жаңы жылды фейерверктер менен тосуп алышты.

Жаңы жылдан улам Стамбул мэриясы тарабынан Ортакөй аянтында болгон иш чарага катышууну каалаган жарандар менен туристтер кечки сааттардан баштап аянтка келишти.

Тынч океанындагы Самоа, Кирибати жана Катхам аралдары Түркия убактысы боюнча 12:00дө жаңы жылга кирди.

Жаңы Зеландия Түркия убактысы боюнча саат 14тө фейерверктердин коштоосунда 2020 -  жылды тосуп алды.

Жаңы Зеландиядан эки сааттан кийин Австралия 2020 -  жылга кирип, Сиднейде ферейрверктердин атылышы  көркөмдүү көрүнүштөрдү жаратты.

Япония Түркия убактысы боюнча саат 17де 2020 -  жылга кадам таштады. Түндүк Корея да  ферейрверк жана бийлер менен 2019 -  жылды узатты. Ал эми Кытайдын борбор шаары Пекинде жаңы жыл бийлер менен тосуп алынды.  Гонконг менен Таивань да жаңы жылга фейерверктер менен кирди.

Таиланддын борбор шаары Бангкок жаңы жылдын биринчи секундаларына түрдүү түстүү  фейрверктерди атуу менен кирди.

Дубай жаңы жылды дүйнөнүн эң узун имараты Бурж – Халифеде тосуп алды.

Азербайжан менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы да Түркия убактысы боюнча саат 23тө жаңы жылга кирди.

Орусиянын борбор шаары Москвада да жаңы жыл кубанычтуу майрамдалды.

Франция менен Германия Түркия убактысы боюнча саат 2де жаңы жылга кирди. Парижде көк жүзү түрдүү түстүү фейерверктер менен жарыктандырылды. Берлинде жаңы жыл концерттер менен майрамдалды. Ошол эле саатта Түндүк Македониянын борбор шаары Скопияда да жаңы жыл кубанычтуу тосуп алынды.

Британиянын борбор шаары Лондондогу жаңы жыл майрамында да көк жүзү фейерверктер менен жарыктандырылды.



Тектеш кабарлар