Йенс Столтенберг : "Эрдогандын ЙПГ шарты боюнча иштеп жатабыз"

Столтенберг Франциянын президенти Еммануэль Макрондун : «НАТО мээ өлүмүн жашап жатат»,- деген билдирүүсүнүн  туура эмес экендигин да кайталап, союздаштыктын ар дайымкыдан дагы күчтүү экендигин айтты.

1317498
Йенс Столтенберг : "Эрдогандын ЙПГ шарты боюнча иштеп жатабыз"

НАТОнун башка катчысы Йенс Столтенберг президент Р. Т. Эрдогандын ПКК жикчил террордук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГнин террордук уюм катары таануу шарты боюнча иштегендерин айтты. Столтенберг Британиянын борбор шаары Лондондогу НАТО лидерлер саммитине кирип баратып журналисттердин бул тууралуу суроолоруна жооп берди.

Президент Эрдогандын Балтика өлкөлөрү жана Польшаны камтыган коргонуу планына колдоо берүү үчүн ЙПГнин террордук уюм катары таанылышы шартына баа берген Столтенберг : «Президент Эрдоган менен сүйлөштүм, иштеп жатабыз»,- деди. Столтенберг Франциянын президенти Еммануэль Макрондун : «НАТО мээ өлүмүн жашап жатат»,- деген билдирүүсүнүн  туура эмес экендигин да кайталап, союздаштыктын ар дайымкыдан дагы күчтүү экендигин айтты.

НАТОнун башкы катчысы : «Мындай нерсе жок, НАТО абдан ийкемдүү түзүлүшкө ээ»,- деди.



Тектеш кабарлар