АКШда токой өрттөрү

Токой өрттөрү жайылып баратат.

1313151
АКШда токой өрттөрү

АКШнын Санта-Барбара шаарынын түндүгүндө башталган токой өрттөрү 2 миң 400 үйгө коркунуч жаратууда.

Санта-Барбаранын өрт өчүрүүчү кызматынын басма сөз катчысы Майк Элиасон, жергиликтүү телекөрсөтүүгө берген маалыматында тилсиз жоонун 16 чакырымдык аянтка жайылгандыгын белгиледи.

Өрттөн жабыркагандар катталган жок бирок аймакка жакын жерлерде жашаган 6 миң 300 киши үчүн эвакуациялоо буйругу берилди.

Мурунку күнү кечинде шаардын түндүгүндөгү "Лос Падрес" улуттук паркында башталган тилсиз жоонун шамал менен бирге Санта-Инез тоолорунун этектерине жана капчыгайларына карай жайылып бараткандыгы белгиленди.

Улуттук метеорология кызматы, бүгүн түндөн тарта аймакта күтүлгөн шамал жана жамгырдын өрттүн жайылуусуна бөгөт болушу мүмкүн экенин билдирди.



Тектеш кабарлар