Грузиядагы митингдерде коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин тирешүүсү...

Күч колдонуу убагында коопсуздук күчтөрү менен болгон жөөлөшүүлөр убагында бир канча митингчи кармалып кетти.

1312444
Грузиядагы митингдерде коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин тирешүүсү...

Грузиянын коопсуздук күчтөрү борбор шаар Тбилисиде шайлоо системасына каршылык көрсөтүш үчүн парламент имаратынын кире беришин тоскон митингчилерге бөгөт койду.

Бийликтеги партия Грузин кыялына каршылык көрсөтүү максаты менен парламент имаратынын кире бериш каалгасын тоскон митингчилер, коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен таркатылды.

Бүгүн боло турган отурумду болтурбоо үчүн кечээ түндөн бери парламенттин чөйрөсүндө нөөмөттө турган митингчилер, таңга маал полициянын кийлигишүүсү менен парламент имартынын кире бериш каалгаларынан алыстатылды.

Күч колдонуу убагында коопсуздук күчтөрү менен болгон жөөлөшүүлөр убагында бир канча митингчи кармалып кетти.

Каалгалардан алыстатылган митингчилер, имараттын алдында кайрадан чогулуп акцияларын улантты.

Тбилисиде июнь айында болгон Православдык Парламенттер аралык Башкы ассамблеянын 26-отурумунда Орусиянын делегациясындагы Коммунисттик партиянын мүчөсү жана Орусиянын мамлекеттик думасынын эл өкүлү Сергей Гавриловдун парламент төрагасынын орундугуна отуруп алып сөз сүйлөгөнү боюнча өлкөдө нааразылык акциялар башталган.

Жумалап созулган митингдерге катышкан митингчилердин талаптарынан бири болгон шайлоо системасынын өзгөртүлүшү темасы Грузия өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Бийликтеги Грузин кыялы партиясынын жетекчиси Бидзина Иванишвили, 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордун көпчүлүк системасынын ордуна, салыштырмалуу өкүлдүк системасына жараша өткөрүлүшүнө чечим чыгаргандарын айткан, бирок 14-ноябрда парламенттеги добушка салууда салыштырмалуу өкүлдүк системасына колдоо көрсөткөн эмес.



Тектеш кабарлар